Редакцияот 18.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы

 

2013-жылдын 18-сентябры № 1

Суу-Башы айылдык Кеңештин 2013-жылдын 19-апрелиндеги V чакырылышынын кезектеги

Vсессиясынын №2-токтомунун аткарылыш абалы жөнүндө

 

Суу-Башы айылдык Кеңештин 2013-жылдын 19-апрелиндеги V чакырылышынын кезектеги V сессиясынын №2-токтомунун аткарылышын карап чыгып, Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу-Башы айылдык Кеңештин 2013-жылдын 19-апрелиндеги V чакырылышынын кезектеги V сессиясынын №2-токтомунда көрсөтүлгөн кемчиликтер аткарылбагандыгы үчүн СОППВ  Жан-Булак таза суу бирикмесинин башчысы Пазылов Кутуга катуу эскертүү берилсин.

2. СОППВ Жан-Булак таза суу бирикмесинин башчысы Пазылов Куту жылдык отчетун даярдап, 2013-жылдын 16-октябрында жалпы элдик жыйында отчет берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин көрктөндүрүү, муниципалдык Менчик жана социалдык-маданий маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Суу-Башы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Калысов