Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-ноябры № 2
Суу-Башы айыл өкмөтүндө мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-статьясынын 3 бөлүмүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү” 17-октябрь 2018-жылдын №231 мыйзамынын 3 бөлүмүнүн негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси К. Акматалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштап жер салыгы киргизилсин;
2. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштап 1,2,3 топтогу мүлк салыгы киргизилсин;
3. Ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине нормативдик актылардын мамлекеттик тизмесине катто үчүн жиберет.
4.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды өз убагында жыйноону уюштуруу, пландарды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдоо жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин алдындагы бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|