Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-декабры № 2
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калк жашаган айылдарында ички тартипти жөнгө салуу
жана түрдүү кылмыштуулуктардын алдын алуу боюнча айылдык өкмөтүнүн укук коргоо
кызматкерлеринин жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Айгул-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын капитаны Б.Жорбаев айыл өкмөтүнүн аймагындагы калк жашаган айылдарында ички тартипти жөнгө салуу жана түрдүү кылмыштуулуктардын алдын алуу боюнча айыл өкмөтүнүн укук коргоо кызматкерлеринин жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө мааламатын угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Айгул-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын капитаны Б.Жоробаев Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калк жашаган айылдарында ички тартипти жөнгө салуу жана түрдүү кылмыштуулуктардын алдын алуу боюнча айыл өкмөтүнүн укук коргоо кызматкерлеринин жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө отчету канаатандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында авто унаа айдоочу күбөлүгү жок жаш өспүмрүмдөрдүн авто унаа айдоосуна көзөмөлдү күчөтүү жана алар менен мыйзам чегинде иш жүргүзүүнү колго алуу жагы Айгул-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода түйүндөрүндө жана кафелерде спирттик ичимдиктерди кечки саат 20.00 дон кийин сатууга тыюу салынсын. Эгерде чектөө киргизилген сааттан кийин да сатыла турган болсо, сатуучуга мыйзам чегинде кылмыш жазасы колдонулсун
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин укук тартиби мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|