Загрузка документа…
ТОН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели №8
Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 тобун административдик аймакка киргизүү жөнүндө
17-октябрь 2008-жылдагы №231 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3 пунктун аткарууучун Тон районунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салык төлөмдөрүнүн түшүшүн көбөйтүү максатында депутаттардын Тон райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-январынан баштап административдик аймака төмөндөгү салыктар киргизилсин;
- айыл чарба жерлерин, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди жана үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун пайдалангандыгы үчүн;
- мүлк салыгынын 1,2,3 тобундагы объекттер;
2. Салык эсептөө тартиби төмөндөгүдөй коюулсун:
- мүлк салыгынын 1,2,3 тобундагы объектилери жана жер салыгын эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык коюлсун.
3. Ушул токтом Ысык-Көл областтык Адилет башкармалыгынын ченемдик-укуктук актылары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тон райондук салык кызматынын башчысы Жылкычы уулуТалантка жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы | К. Баялиев |