Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-декабры № 4
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн КБФ нун
жерлерине ижара акыны баалап берүү жөнүндө
Сеесиянын күн тартибиндеги учурда каралуучу маселе боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн КБФ нун жерлерине ижара акыны баалап берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча адиси С.Маркаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн КБФ нун жерлерине ижара акы төмөнкүдөй болуп белгиленсин:
- Суулуу жерге гектарына - 4000 сом
- Кайрак жерлерге:
Боз-Адыр айылындагы жерлерге - 200 сом
Суу-Башыдагы жерлерге - 1000 сом
- Бак - 8000 сом
2. .Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 1-пункутун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберет
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Суу-Башы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Калысов
|