Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28 сентябры № 26-7/2
Каракол шаарынын аймагында жер салыгын жана мүлктүн 1,2,3,4 тайпадагы обьекттерине мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Каракол шаары боюнча МСКБнын башчысы М. Молдобековдун жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Т. Усупбаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, Каракол шаары боюнча МСКБнын ченемдик-укуктук базасын тутамдаштыруу максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын аймагында жер салыгы жана мүлктүн 1,2,3,4 тайпадагы обьекттерине мүлк салыгы киргизилсин.
2. Жер тилкелерине акылуу менчик укугун берүү же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердикти колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Алымбаев К.И.) жана Каракол шаарынын биринчи вице- мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар кеңешини төрайымы |
А. Джумабекова |