Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28 сентябры №26-7/1
«Каракол шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине акылуу менчик укугун берүүнүн же ижаранын тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясын ММБДнин башчысы М.Ш. Рыскелдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын корутундуусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каракол шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине акылуу менчик укугун берүүнүн же ижаранын тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Өмүров Т.) жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрайымы |
А. Джумабекова |