Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 19-ноябры № 19/4
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы А.Навои атындагы орто мектебинин
эски имаратына “Келечек-2” балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Уч-Коргон айыл окмотунун Разъезд айылынын тургундарынын арыздарын жана А.Навои атындагы орто мектебинин директорунун сураныч катын карап чыгып, азыркы кундо ото орчундуу маселелердин бири болуп жаш балдарды мектепке чейинки тарбиялоо мекемелеринин жетишсиздиги болуп эсептеленет.
Уч-Коргон айыл окмотунун аймагында 12 айыл, 31 минден ашык калк, 6000 ашык кожолук болуп, элдин санын жылдан-жылга осуп келе жатат, айыл окмотунун аймагында 4 балдар бакчасы 1 жамааттык балдар бакчасы иштеп, жаш балдарга мектепке чейинки тарбия берүүдө жана балдарды жайгаштырууда коп кыйынчылыктар келип чыгууда.
Жогорулардын негизинде Разъезд айылынын тургундарынын арыздарын канааттандыруу максатында айылдагы А.Навои орто мектебинин эски имаратына “Келечек-2” балдар бакчасын ачуу максатында сын-сунуштарды угуп жана талкуулап Уч-Коргон айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл окмотунун Разъезд айылынын тургундарынын жана А.Навои орто мектебинин директорунун кайрылуулары конулго жана жетекчиликке алынсын.
2. Уч-Коргон айыл окмотунун аймагындагы А.Навои атындагы орто мектебинин эски имараты оз калыбына келтирилип, кенже орто жана жогорку тайпадагы балдар бакчасы ачылсын.
3. Имаратты кайрадан реконструкциялап талапка жооп бере турган калыбына келтируу, керектуу инвентарлар менен камсыздоо жагы Уч-Коргон айыл окмотуно сунушталсын.
4. Тиешелуу жогорку органдардан керектуу документтерди даярдап беруу жагы Уч-Коргон айыл окмотунон суралсын.
5. Уч-Коргон айыл окмотунун ФЭБнун башчысы М.Дадаевага финансылоо каражаты жана таттык бирдик маселесин уюштуруу жагы тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Уч-Коргон айыл кенешинин бардык туруктуу комиссияларына жуктолсун.
Үч-Коргон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Сарымсаков |