Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы

 

2016-жылдын 19-февралы № 23/1

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы жана 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программасын бекитүү жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы жана 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программасын талкуулап жана аларды ишке ашыруу максатында К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин V чакырылышынын XXIII кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылы социалдык экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын .

2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга социалдык экономикалык өнүгүүнүн программасы жактырылсын жана бекитилсин .

3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы жана 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программасын ишке ашыруу максатында Алай айыл өкмөтү төмөндөгүлөргө милдеттендирилсин .

4. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы жана 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программасынын иш чараларын иштеп чыксын жана аны ишке ашырсын .

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрайымына жана туруктуу комиссиянын төрагаларына жүктөлсүн .

 

К. Белекбаев атындагы Алай

айылдык Кеӊешинин төрайымы

 

Ч. Канкиева