Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 23/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн2016- жылга атайын каражаттар боюнча сметасынын бекитилиши жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2016- жылга атайын каражаттар боюнча сметасынын бекитилиши жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап,жогорудагы маселени ишке ашыруу максатында К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин V чакырылышынын XXIII кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга атайын каражаттар боюнча сметасы, балдар бакчасынын башчыларынын жана депуттардын айткан сунуштары, пикирлери менен киреше 630,0 сом жана чыгаша 630,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2 Жыл ичинде планга өзгөртүүлөр жана бир статьядан бир статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн сессиясында каралып керектөөгө жараша аныкталсын
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2016 -жылга атайын каражаттар счетунун киреше жана чыгаша пункттары боюнча чыгымдалышына контролдук кылуу айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Ж.Тажибаевке тапшырылсын.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |