Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 23/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2014- жылдагы бюджетинин аткарылышы 2016-жылга бюджетинин жана 2017-2018 -жылдардын бюджетинин долбоорунун бекитилиши жөнүндө
Кыргыз республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-бөлүмүнүн,18-беренесинин 3-пунктуна ылайык, К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга бюджетинин жана 2017-2018 жылдардын бюджетинин долбоорунун бекитүү максатында.К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин V чакырылышынын XXIII кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015- жылдагы бюджетинин кирешебөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 16732,2 сомго жана чыгаша бөлүгү 16732,2 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата белгиленгенбюджетинин долбоорун, депуттардын айткан сунуштары, пикирлери мененкиреше 14081,4 сом жана чыгаша 14081,4 сом өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинен,теңдөөчү грант 8405,2 миң сом, жергиликтүү кирешелер5676,2 мин сомго белгиленсин.
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн белгиленген бюджетинин долбору2017-жылга карата депуттардын айткан сунуштары, пикирлери менен кирешежана чыгаша бөлүгүнөтеңдөөчү грант 7714,3 миң сом, жергиликтүү кирешелер5802,2 миң сом олчомундо белгиленсин сом ал эми 2018-жылга киреше жаначыгаша бөлүгүнө теңдөөчү грант 7776,8 миң сом, жергиликтүү кирешелер6063,2 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Жергиликтүү түшкөн кирешелерден сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкчатүшкөн бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүн каржылоосуна калаары аныкталсын.
5. Жыл ичинде түшкөн кирешелердин пландан ашыкчасы жана бир статьядан бирстатьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн сессиясында каралып керектөөгө жараша аныкталсын.
6. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2016- 2017-2018-жылдагыбюджетин киреше жана чыгаша пуңкттары боюнча чыгымдалышына контролдук кылуу менен ар бир статьянын жумшалышына камсыз кылуу айыл өкмөттүнФЭБ башчысы Ж.Тажибаевке тапшырылсын.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |