Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 23/7
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы айылындагы мечитке ат коюу жөнүндөгү жамааттын жана элдик жыйындын 23.01.2016-жылдагы №1 токтомун бекитүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы айылындагы мечитке ат коюу жөнүндөгү жамааттын жана элдик жыйындын 23.01.2016-жылдагы № 1 токтомдун мазмунун толук окуп чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү 18-июль,2014-жылдагы № 144- мыйзамынын 1-7-беренелерине ылайык
К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин V чакырылышынын XXIII кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү 18-июль,2014-жылдагы № 144- мыйзамынын 1-7-беренелерине ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Аскалы айылындагы жамааттын жана элдик жыйынынын 23.01.2016-жылдагы№ 1 токтому бекитилсин
2. Ушул токтомдун 1-пунктунун негизинде 23.01.2016-жылдан баштап Аскалы айынын мечити «Сагынбаев Азимбек ажы» мечити деп аталсын жана иш кагаздары ушул токтомго ылайык даярдалсын.
3. Ушул токтомду областтык юстиция бөлүмүнөн каттоодон өткөрүүгө, иш кагаздарын даярдоо К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Абдрамановага жана Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катто бөлүмүнөн каттоодон өткөрүү жагы айыл кеңешинин депутаты К.Сагынбаевге тапшырылсын.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |