Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 23/9
К.Белекбаев атындагы Алай өкмөтүнүн жайыт комитетинин айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал-жандыктар үчүн жайыт акысын белгилөө жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай өкмөтүнүн жайыт комитетинин айыл өкмөтүнүнаймагындагы мал- жандыктары үчүн жайыт акысын белгилөө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы № 386-токтому менен бекитилген, жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө жобонун 3-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылынын ХХIII кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы № 386-токтому менен бекитилген,жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө жобонун 3-бөлүмүнүн 1-пунктунун ылайык төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ар бир бодо малга 50 сом, майда жандыкка 10 сомдон болсун, ал эми башка айыл өкмөттүн аймагынан келген бодо малга 150 сом майда жандыкка 30 белгиленсин.
3. Жайыт комитетинин бюджеттин аткарылышын жана салыктардын чогулушу боюнча айыл чарба жана агрардык комиссиясы көзөмөлдөсүн .
4. Жайыт акысын чогултууга жайыт комитетинин төрагасы С.Жупуев , жалпы айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери жана айыл-айылдардагы жергиликтүү кеңештин депутаттары көмөк көрсөтүшсүн .
5. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын .
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |