Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
2016-жылдын 19-февралы № 23/11
К.Белекбаев атындагы Алай айылөкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Койчиев Уланбектин арызын кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылөкмөтүнүн жер адиси Б.Машаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Сопу-Коргон айылынын тургуну Койчиев Уланбектин арызын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 1-пунктунун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн тургун Койчиев Уланбекке Ош-Эркечтам жолунун оң жак тарабынан айыл чарбасына жараксыз бош жаткан жерден көрктөндүрүү, өздөштүрүү үчүн 0,25 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катто бөлүмүнөн, Алай райондук шаар куруу жана архитекетура башкармалыгынан суралсын.
3. Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу, көрсөтүү, мыйзам чегинде аткаруу жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Машаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Ч. Канкиева |