Редакцияот 06.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVIII кезексиз заседаниеси

 

2016-жылдын 6-февралы № 28/6

2015-жылда бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык, 2015-жылдын бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылда айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча ФЭБ башчысы Н.Тоотаева тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.

2. 2015-жылда айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 9232,400 сомго аткарылганы, чыгаша бөлүгү 8817,566 болуп, киреше жана чыгаша бөлүгү 96 %га аткарылгандыгы белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Корул айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Маназаров