Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 29/4
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкаларды көчө тибине өткөрүү жөнүндө
Корул айылы чачкын жайгашып, сырттан келгендер издеген адресин таба албай кыйналгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн аймагындагы учаскаларды көчө тибине өткөрүү жөнүндө карап чыгып, Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкаларды көчө тибине өткөрүп, үйлөргө катар номурлар берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкаларды көчө тибине өткөрүп, үйлөргө катар номурларды берүү жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, талкууга салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Э.Шариповго жана айыл башчылар К.Закировго, М.Эрмаматовго, А.Аматбековго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|