КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28 сентябры № 26-7/13
Иштетүүгө жараган жыгач материалга жана отунга тарифтерди бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДнин башчысы М.Ш. Рыскелдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жол, турак-жай, энергетика, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДнин башчысы М.Ш. Рыскелдиев жыгач материалга жана отунга сунуш кылган тарифтер бекитилсин( №1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн, токтомду Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердикти колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Алымбаев К.И.) жана шаардын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрайымы |
А.Джумабекова | |
|
«Бекитилди» Каракол шаардык Депутаттар кеңешинин 28.09. 2012 ж. № 26-7/13 Токтому менен
| |
Каракол шаарынын аймагындагы коркунуч туудурган бак-дарактарды санитардык кыюудагы кеткен материалдарга ТАРИФТЕР
№ | Аталыштар | Ченөө бирдиги | Белгиленген тарифтер (сом) |
1 | Отун | 1м3 | 767-20 |
2 | Жарактуу | 1м3 | 2552-64 |