Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын I сессиясы
2016-жылдын 22-декабры № 1/1
Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 4-беренесинде жайыттар мамлекеттин менчигинде турат, менчикке жана ижарага берилбейт деп белгиленген. (Жайыттар жѳнүндѳгү мыйзамына ылайык 2009-ж. январы №30) Бул жаны мыйзам күчүнѳ киргенден баштап жайыттар жайыт билетинин негизинде гана пайдаланууга берилет. КР «Жайыттар жѳнүндѳ» мыйзамы боюнча жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жайыт акынын ѳлчѳмү жайыт комитети тарабынан белгиленет жана жергиликтүү кенеш тарабынан мал башына, малдын түрүнѳ негизделип бекитилет жана кѳзѳмѳлдѳнѳт. Жайыт жерлерин натыйжалуу жана үзүрлүү башкаруу үчүн жергиликтүү коомдук уюм жайыт пайдалануучулар уюму түзүлѳт. Жогорудагы мыйзамдарды жана нормаларды белгилеп келип, Килемче жайлоосунда 30 га жерди 6-7 адамга берип койгону арызда кѳрсѳтүлгѳн жана тургундар тарабынан аныкталды. Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн мыйзамдар одоно бузулган.
Андан тышкары Жайыт пайдалануучулардын милдеттеринде кѳрсѳтүлгѳн –«Чектеш жер участокторунун менчик ээлеринин жана пайдалануучуларынын жана башка адамдардын укуктарын бузбоо», «токой, суу ж.б. жаратылыш ресурстарын пайданалуу тартибин сактоо» нормалары бузулган. Арызда кѳрсѳтүлгѳндѳй Жаны-Арык айылындагы суу баскан жерлерге суу жетпей калган, 6-7 адамдын жайыт пайдалануучулар бирикмеси түзүлгѳн эмес жана жайыттар жѳнүндѳ мыйзамынын негизинде киргизилген жайыт билеттери жок. Жайыт комитетине малдарынын саны жѳнүндѳ так маалымат жок, малдын саны азайтылып кѳрсѳтүлгѳн.
Жогорудагылар боюнча айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР «Жер кодексинин» мыйзамдарынын негизинде, жайыт пайдалануучулар бирикмелери түзүлбѳгѳндүктѳн, жайыт билеттери жок болгондуктан кѳрсѳтүлгѳн жерлерди мыйзамсыз пайдаланганы үчүн чабынды чабууга тыюу салынсын;
2. Айып пул катары белгиленген чабынды чапкандыгы жѳнүндѳ 500 мин сом жана сууну чабынды жерлерге бурган үчүн 100 мин сомдун мыйзамдуулугун тактап айып пулдун суммасы 20 (жыйырма) күндүн ичинде такталып берүү жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин;
3. Килемче жайлоосунда жайлаган жарандардын малынын так санын түрү менен такталып, маалыматты берүү жагы жайыт комитетине тапшырылсын;
4. Кѳп жылдан бери мыйзамсыз пайдалып жүргѳн жарандар, жайыт комитети тарабынан такталып тиешелүү органдарга кайрылуу жазылсын жана жыйынтык чыгаруу боюнча 1(бир) айлык мѳѳнѳт белгиленсин;
5. Бул токтом бардык жайыт пайдалануучуларга тааныштырылсын;
6. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге, жайыт комитетинин тѳрагасы А.Үсѳновго жүктѳлсүн.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.Жумаева |