Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын I сессиясы
2016-жылдын 22-декабры № 1/2
«Сѳң-Кѳл балык чарбасы» мамлекеттик мекемесинин директору Э.Тагаевдин кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
«Сѳң-Кѳл балык чарбасы» мамлекеттик мекемесинин директору Э.Тагаевдин кайрылуусун карап, айылдык Кенештин депутаттарынын, айыл тургундарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сѳң-Кѳл балык чарбасы» мамлекеттик мекемесинин директору Э.Тагаевдин кайрылуусу боюнча Кызыл-Эмгек, Базар-Турук айылынын тургундары менен жеринде жыйындар ѳткѳрүлүп, эгерде айыл тургундары макулдуктарын беришсе гана чечип берүү жагы каралсын;
2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.Жумаева |