Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын I сессиясы
2016-жылдын 26-февралы № 2/2
Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдагы кирешеден ашкан сумманы карап, чыгымдарын аныктоо жѳнүндѳ
«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» жана «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ» Мыйзамдарына ылайык Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун эске алып жана айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматын, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 1-январь 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгашасынан ашкан 277253 сом 25 тыйын тѳмѳндѳгүдѳй чыгымдарга жумшалсын:
1) 3112 статьясы боюнча - Жайыт комитетине АРИС уюмунун долбоору боюнча келе турган техниканын ѳздүк салымы үчүн – 247 253 сом 25 тыйын;
2) 2721 статьясы боюнча –Айыл тургуну Ш.Сарыгуловага социалдык жардам үчүн – 30 000 сом
Жалпысы: 277253 сом 25 тыйын
2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.Жумаева |