Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 жылдын 18 майы
"Балыкчы шаардык Кенешинин Регламенти жөнүндө"
Балыкчы шаардык Кеңешинин депутаттары Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын Регламентинин долбоорунда кээ бир кетирилген мүчүлүштүктөрүнө байланыштуу областтык Адилет башкармалыгы тарабынан каттоодон өтпөй келгендигинен улам , карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 11 -пунктуна ылайык Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын Регламенти кабыл алынып бекитилсин.
2.Балыкчы шаардык Кеңешинин каттоо китепчесинен 1-номуру менен каттоодон өткөзүлсүн.
3.Токтом Ысык-Кол областтык Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4.Токтом "Балыкчы " гезитине жарыялансын.
5.XXIV чакырылышынын I- сессиясында кабыл алынган №1 токтомдун күчү жоготулсун деп эсептелинсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Г.Айтикеевага жана мандат, регламент жана депутаттык этика маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Балыкчы шаардык Кеңешинин торагасы |
А.Смадияров |
|
|
|
|