Редакцияот 05.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын I сессиясы

 

2016-жылдын 5-апрели № 3/5

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан кѳрсѳтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жѳнүндѳ

Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан кѳрсѳтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри бекитилсин;

2.    Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;

3.    Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн  башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Арык айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Б.Жумаева