Редакцияот 05.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын I сессиясы

 

2016-жылдын 5-апрели № 3/7

Жаңы-Арык айыл аймагы боюнча  айдап-себүүнүн тарифтерин, мал багуунун акысын, корукту чыгаруу убактысын жана айып пулун белгилѳѳ, жайлоого кѳчүү-конуунун убактысын белгилѳѳ, чѳп чабуучу техникалардын акысын бекитүү, сугат жүргүзүүнүн убактысын жана мал башына жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ

Жаны-Арык айыл аймагындагы айыл тургундары менен ѳткѳрүлгѳн жыйындардын 12.03.2016-жылдагы №1, 14.03.2016-жылдагы №2, №3, №4 жана 15.03.2016-жылдагы №5, №6, №7 протоколдорунун негизинде Жаңы-Арык аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алып, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаны-Арык айыл аймагы боюнча айдоо-себүүнүн, мал багуунун, чѳп чабуунун корук уюштуруу жана корукка түшкѳн малдын айып пулун, сугат боюнча жана кѳчүп-конуунун мѳѳнѳттѳрү тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:

1) Айдоо-себүү боюнча 1 га жер аянты үчүн:

- Жер айдоо – 30 л май, 1200 сом;

- малалоо – 10 л май, 500 сом;

- себүү – 10 л май, 500 сом;

- Шак тартуу – 5 л май 150 сом.

2) Мал багуу боюнча:

- Бодо малга – 300 сом айына

- Кой-эчки – 35 сом айыны.

Эскертүү: Жайыт акысы ичинде

3) Чѳп чабуу боюнча. 1 га жер аянты үчүн:

- КПС – 10 л май, 1200 сом;

- Косилка – 10 л май, 1000 сом

- Пресс-подборщик – 1 түп үчүн 8 сом, 1 га жер аянтына 10 л май.

4) Корук түшкѳн 1 баш малга тѳмѳндѳгүдѳй айып пул белгиленет:

- Бодого – 200 сом;

- Кой-эчки – 30 сом.

Эскертүү: Корук 15-апрелден башталат.

5) Сугат боюнча:

- 1 га чѳп аянтын сугаруу – 5 саат

- 1 га кара сугат – 6 саат

- огород сугаруу – 4 саат. Огород сугаруу кечки 07-00 ден, эртен мененки саат 04-00 гѳ чейин;

Эскертүү: Уруксатсыз суу жыкса суу баскан жер аянтына – 10 миң сом, огороддорго уруксатсыз жыкса 2 миң сом айып пул белгиленет.                   Кызыл-Эмгек айылы боюнча огород сугаруу кечки 8-00 дѳн, түнкү саат             01-00 чейин белгиленсин

6) Кѳчүү-конуу боюнча.

Мал баккан чабандар:

- 20-апрель 2016-жылга чейин ички жайыттарга кѳчүү;

- 20-июнь 2016-жылга чейин сырткы жайыттарга кѳчүү;

- Күзүндѳ оруп-жыюу ѳнѳктүгү аяктаганга чейин жайлоодон кѳчүп түшүүгѳ болбойт.

2.  Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин 16-май 2015-жылдагы №5/1 Токтому күчүн жоготту деп табылсын;

3. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Арык айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Б.Жумаева