Загрузка документа…
| «БЕКИТЕМИН» Балыкчы шаардык Кеңешинин төрагасы А.Смадияров 2012 жылдын 21 майы |
|
|
Балыкчы шаардык Кенешинин типтүү Регламенти
1-бөлук - Жалпы жоболор
1.Шаардык Кенеш
2.Кенештин ыйгарым укуктары
2-бөлүк - Шаардык Кенештин түзүмү жана органдары
3.Шаардык Кеңештин төрагасы жана кеңештин төрагасынын орун басары
4.Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы
5. Шаардык Кеңештин депутаттык комиссиялары (туруктуу жана убактылуу)
6.Депутаттык фракциялар
3-бөлүк - Шаардык Кеңештин ишин уюштуруу тартиби
7.Шаардык Кеңештин биринчи сессиясы
8.Шаардык Кеңештин ишин пландоо.
9.Каралуучу маселелерди сессияга алып чыгуу тартиби
10. Шаардык Кеңештин сессияларын өткөзүү тартиби.
11. Добуш берүү жана токтомду кабыл алуусунун тартиби
12. Шаардык кеңештин сессиясынын отурумдарынын өткөрүү боюнча протоколдору жана стенограммалары.
13.Шаардык Кеңештин ченемдик укуктук актылары
4- бөлүк - Шаардык Кенештин Регламенти
14.Регламентти бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби, регламенти сактоого контролду ишке ашыруу жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралар.
Балыкчы шаардык Кеңешинин Регламенти
1.1.Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына ылайык, Балыкчы шаардык Кеңеш шаардын жергиликтүү өз алдьшча башкаруусунун өкүлчүлүктү органы болуп саналат.
Балыкчы шаардык Кеңеш - 4 жылдык мөөнөткө жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашырууну добуш берүү менен шаардын тийиштүү аймактарында жашаган жарандары тарабынан шайланган, сессия боюнча иштеген 31 депутаттан турат.
1.2.Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иш билги чегине жараша, кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, кабыл алынган чечимдердин иш жүзүнө аткарылышына көзөмөл кьшат жана юридикалык статусуна ээ болот.
1.3.Шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чечимдерди, ошол шаар аймагында жайгашкан бардык ишкана, мекеме жана уюмдар жана алардын бирикмелеринин менчигине карабастан, шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, жарандар жана жарандуулукка ээ болбостон шаарда жашап жаткандар тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш.
1.4.Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ьшайык депутаттардын шаардык Кенеши (мындан ары - Кеңеш) жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, жергиликтуу жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламенти жетекчиликке алат.
Шаардык Кенештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы катары сессия эсептелинет.
1.5.Шаардык Кенештин Регламенти, шаардык Кенештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин, аны уюштуруу жана ишмердүүлүгү боюнча маселелери, сессияны чакыруу жана өткөрүү тартибин бекитет, ошондой эле анын көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнүн жана тартибин аныктайт.
1.6. Шаардык Кенештин ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, саясий коп түрдүүлүк жана көп партиялуулук, объективдүүлүк, депутаттардын маселелерди талкуулоо жана чечим кабыл алуудагы эркиндик принциптеринде негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылган тараптар да катыша алышат. Шаардык Кенештин сессиялары ачык түрүндө өткөрүлөт. Ушул Регламентте каралган учурларда, шаардык Кенеш жабык сессияларды өткөрүүгө укуктуу.
1.7.Шаардык Кенештин депутаттары өзүлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин Кыргьп Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтуу кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле бул Регламент тарабынан белгиленген кепилдиктердин негизинде тоскоолдуксуз жүзөгө ашырууга укуктуу.
2.1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын "Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына ылайык, төмөнкүдө маселелерди карашат жана чечим кабыл алышат:
1) Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
Кеңештин төрагасын жана анын орунбасарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу; Кенештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу.
2) туруктуу жана башка депутаттык комиссиялардын курамын тузуу, шайлоо жана өзгөртүү, алардын торагаларын бекитуу; депутаттардын суроо-талаптарын карап чыгуу жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу;
3) Кеңештин төрагасынын, Кеңеш түзгөн башка органдардын отчетторун талкуулоо жана баа берүү;
4) финансы-экономикалык жана башка иштер боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органынын башчысынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн, муниципалдык ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин отчетун угуу жана баа берүү;
5) жергиликтуу жамааттын муниципалдык менчигин колдонуу жана пайдалануу тартибин аныктоо, анын ичинен муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитуу жолу менен, муниципалдык колдонулушуна көзөмөл жүргүзүү;
6) Кеңештин Регламентин кабыл алуу;
7) аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын (программаларын). калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү;
8)жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;
9) администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды талкулоо жана чечимдерди кабыл алуу;
10) Кеңеш кабыл алган токтомдорду көзөмөл кылуу
жергиликтуу референдумдарды өткөрүү;
12)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү кызматтар үчүн тарифтерди коюу жана бекитуу: иче турган сууну, канализацияны, тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана утилдештирүү, жылуулук менен камсыз кьшуу жана пайдалануу;
13) Жергиликтуу салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурлар боюнча тарифтик ставкаларды бекитүү.
14) Мэрдин сунушу боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын түзүмүн жана штаттык санын Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде бекитуу.
15) депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен (16 депутаттан кем эмес) шаардын мэрине ишенбестик көрсөтүү.
16)Жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү
17Шаардык Кеңештин катоо китебинен өткөн депутаттык фракциялар, коалициялар шаардын мэрине талапкерлерди Балыкчы шаардык аймактык шайлоо комиссиясына көрсөтүүгө укуктуу.
2.2. Шаардык Кенештин сессиясында кошумча төмөнкүдөй чечим кабыл алынат: - шаардын мэрии шайлоо
Кеңеш жергиликтуу маанидеги башка маселелерди чечүүгө жана айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарга аларды жүзөгө ашыруу учун зарыл болгон материалдык, финансьшык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен ээ болууга укуктуу. Өткөрүп берилген ыйгарым укуктар боюнча Кеңеш мамлекеттик органдарга отчёт берет.
Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга киришип, бир айлык мөөнөттө Кеңештин төрагасы, төрагасынын орунбасары жана түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.
Шаардык Кеңештин төрагасы көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу жалпы санынын көпчүлүгүнүн (16 депутаттан кем эмес)жашыруун добушу менен депутаттардын мөөнөтү бүткүчө шайланат.
Шаардык Кеңештин төрагасына шайланууга төмөнкүлөр укуктуу:
- шаардык Кеңештин депутаты өзүн өзү көрсөтө алат
- депутаттык фракциялар
- көпчүлүк фракциялардын коалициясы
Шаардык Кеңештин төрагасы болууга депутаттар тарабынан 2-ден ашык талапкер коюлуп калса, койгон талапкерлердин алдынкы көп добушка ээ болгон эки талапкер П- турга өтүшөт, эгерде азыраак добушка ээ болгон талапкерлердин добуштары бирдей болсо алардын ортосунда кайра шайлоо өткөзүлөт, коп добушка ээ болгону Ш-турга өтөт.
Шаардык Кеңештин торагасы башка акы төлөнүүчү кызмат ордун ээлөөгө укугу жок.
Шаардык Кеңештин төрагасынын шайлангандыгы жөнүндө Кенештин токтому кабыл алынат.
3.2.Шаардык Кеңештин төрагасы, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары шаардык Кеңештин сессиясында ачык добуш берүү жолу менен өзүлөрүнүн кызмат орундарынан кайра чакырылып алуусу мүмкүн. Кайра чакырып алуу маселеси туруктуу комиссия жана шаардык Кеңештин депутаттарынын 11 - депутаттан кем эмес (үчтөн биринин) демилгеси боюнча жана 16 депутаттын добушу менен ачык добуш берүү аркылуу бошотулат.
3.3.Шаардык Кеңештин төрагасы:
- Кеңештин сессияларын чакырат жана сессияларда төрагалык кылат;
- жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат:
- Кеңештин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат;
- Кеңештин Регламенти сакталышына көз салат;
- Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол коёт;
- депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат;
- Кеңеште, анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланьппкан маселелерди карайт;
- Кеңештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт;
- мамлекеттик, коомдук уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат;
Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат;
-Кенештин чечимдерин аткаруу максатында, анын ичинде Кенештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат;
Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт;
- жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат;
- мыйзамдарда каралган учурларда сотко же арбитраждык сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге Кенештин атынын кол коёт;
- Кеңештин чечимдерин муниципалитетинин аймагында турган бардык органдар, бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана көзөмөлдөйт;
- Кеңештин төрагасынын буйруктары шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен (16 депутаттан кем эмес) тарабынан алып салынышы мүмкүн.
- шаардык Кеңештин бекитилген бюджеттине жана чыгымдар сметасына ылайык шаардык Кеңешке бөлүнгөн каражаттарды пайдаланат
- шаардык Кенештин жана анын органдарынын аброюн жана кадыр баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды корот.
- бюджеттик жыл аяктагандан кийин шаардык кенештин сессиясынын кароосуна шаардык кеңештин ишин жана өткөн жылдын чыгымдар сметасы жөнүндө жазуу түрүндө отчеттун берет;
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
Кеңештин төрагасы өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда мөөнөтүнөн мурда 11 - депутаттан кем эмес (үчтөн биринин) демилгеси боюнча шайланган 16депутаттын добушу менен ачык добуш беруу аркылуу бошотулат.
Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаны төрагасын шайлоо жонундо чечилгенге чейин аньш милдеттерин Кенештин төрагасынын орунбасары аткарат.
3.4. Кеңештин торагасынын орунбасары
Кеңештин төрагасынын орунбасарлык кызматына талапкерликти депутаттар жана депутаттык фракциялар сунуш кылат; Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлагандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат. Кеңештин төрагасынын орунбасары кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын жүзөгө ашырат;
- ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген аркандай башка функцияларды аткарат;
- Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.
Кеңештин торагасынын орунбасары оз функцияларын коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
Кенештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан кызматка алынат жана бошотулат:
- Кеңештин сессияларынын протоколун жүргүзөт;
- Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин уюштурат;
- Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт жана 3 кун мурун аларды депутаттарга таркатьш берет;
-сессияга катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдьшча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат;
- депутаттар Кеңештин сессияларына келишинин эсебин жүргүзөт;
Кеңештин сессиясынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат
5.1. Кеңештин карамагына тиешелуу маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн Кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим Кеңештин сессиясында кабыл алынат жана шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө түзүлөт.
Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчёт берет, Кенештин жана Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелуу Кеңешке келип тушкон сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат. Туруктуу комиссиялар комиссияга келип тушкон документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.
Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо менен аныкталат, ал Кеңештин сессиясында бекитилет. Комиссия депутаттын арызынын негизинде депутаттардын ичинен түзүлөт. Депутат Кеңештин бир гана (өзгөчө учурларга гана эки) туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.
Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кеңештин сессиясында жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш беруу ар биринин атьш атоо менен жүргүзүлөт. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелинет. Мындай учурларда Кеңештин чечими талап кылынбайт.
5.2.Туруктуу комиссиянын торагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана Кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен бекитилет. Тийиштүү иш-кагаздарды комиссияньш төрагасы жүргүзөт. Туруктуу комиссиялардын чечимдерин шаардык Кенештин сессиясы тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орунбасары туруктуу комиссиялардын мүчөсү боло албайт. Туруктуу комиссиянын торагасы:
- комиссиянын ишин уюштурат;
- комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;
- комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун тузот;
-комиссия Кеңешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;
5.3.Шаардык Кеңеш керек болгон учурда анын компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу, алдын ала кароо, талдоо же изилдөө үчүн убактьшуу комиссияларды түзө алат. Убактышуу комиссия ал түзүлгөн тийиштүү маселени даярдоо үчүн ар дайым башка комиссия болуп эсептелет.
Депутаттык фракция шайланган депутаттардын арасынан түзүлөт. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө депутаттардын бирдиктүү позициясын билдирүү жана ошондой эле саясий көз караштарын билдирүү үчүн ыктыярдуу түрдө фракцияларга биригиши зарыл. Депутаттар фракцияга биригишип, депутаттардын көпчүлүк мандатка ээ болгон фракциясы көпчүлүк фракцияны түзөт. Фракцияда кеминде 5 (беш) кем эмес депутат болуш керек.
Шаардык Кеңештин төрагасынын наамына фракцияга биригүү боюнча депутаттардан арыз жолдонот, ал жерде фракциянын аты, депуттардын саны жана фракциянын төрагасы көрсөтүлөт. Арыз фракцияга кирген депутаттардын коюлган колу менен берилет.
Жазуу түрүндө берилген арыз 2-күндүн ичинде регистрациядан өтөт. Депутат бир эле фракцияга мүчө болууга укуктуу. Депутаттык фракциядан чыгуу же кирүү маселеси фракция өзү жөндөйт. Фракциялар коалицияга бириге алышат. Фракция мэрге талапкерди көрсөтө алат. Регламентин негизинде каттоону өтпөгөн фракция, фракция болуп эсептелинбейт.
7.1. Жергиликтуу Кеңештердин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүлүгү жергиликтүү Кеңештин регламенти менен аныкталат. Жергиликтуу Кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Жергиликтүү Кеңеш эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтуу кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
7.2.Жаны шайланган жергиликтуу Кенештин биринчи сессиясын мурдагы чакырылган Кеңештин төрагасы тарабынан жергиликтуу кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин 2-жумалык мөөнотөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтуу Кеңештин биринчи сессиясын тиешелуу жергиликтуу кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
7.3.Жергиликтуу Кенештин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу жергиликтуу кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын кеминде учтөн биринин (11 депутаттын) талабы боюнча өткөрүлөт.
8.1. Шаардык Кеңештин иш-планы кварталга бөлүү менен 1 жылга түзүлөт. Иш-пландын долбоорун шаардык Кеңештин аппараты тузуп сессияга сунуштайт.
8.2.Иш планга өзгөртүү киргизүүгө төмөнкүлөр укуктуу: депутаттар, депутаттык фракциялар, депутаттык туруктуу комиссиялар жана шаардын мэри. Иш-план шаардык Кенештин сессиясында каралып бекитилет.
8.3.Бекитилген иш планга жаны маселелерди киргизүү жана кээ бир маселелерди өзгөртүү сессиянын чечими менен жол -жоболоштурулат. Шаардык Кенештин ишин пландаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана бул регламент тарабынан белгиленген тартипте пландан тышкары докумен
Бул Регламент белгиленген тартипте шаардык Кенештин кароосуна мэрия тарабынан киргизиле турган иш кагаздар пакети төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
-сессияда сүйлөй турган баяндамачынын аты-жөнүн көрсөтүүсү менен Балыкчы шаарынын мэри кол койгон коштоочу катты. Эгерде документ шаардык Кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомун аткаруу үчүн даярдалган болсо, анда коштоочу катта тийиштүү шилтеме жасалат;
- шаардык Кеңештин токтомунун долбоору материалдык же финансалык ресурстардьш түшүүсүн же чыгымдалышын караган сунуштук мааниде болгон учурда, анда иштеп чыккандар тарабынан тийиштүү эсеп-кысабын көрсөтүү менен экономикалык негиздеме берилет.
9.2.Шаардык Кеңештин аппараты сессияга алып чыгуучу токтомдун долбоорун туруктуу комиссияга сунуштайт. Сессияда кезексиз суйлоого шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин торагасынын орун басары жана шаардын мэри укуктуу.
Белгиленген маселе боюнча талкуулоо үчүн чакырылгандардын тизмесин сунушу маселени Кенештин жыйналышына коюуга негиз болгон адам даярдайт. Кенештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулоонун убактысы жана орду жонундо шаардык Кенешинин аппаратынын кызматкерлери тарабынан күн мурунтан кабарландырышат.
Токтом кабыл алаарда биринчи болуп добушка депутаттардын сунушу коюлат, андан кийин туруктуу комиссияныкы. Токтомдун аткарылышынын мөөнөтү даана жана так көрсөтүлүсү зарыл. Ар бир токтомдо көзөмөл кылуучу орган так көрсөтүлүшү абзел.
Сессиянын протоколу үч күндүк мөөнөттө так жазылып, төраганын колу коюлат. Сессияда каралган маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат.
Кеңештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо жана ушундай эле жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин Кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кенештин төрагасын, Кеңештин төрагасынын орунбасарын, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, Кеңештин органдарын түзүү жөнүндө, Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча, Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлук добушу менен кабыл алынат.
Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага Кенештин төрагасы кол коёт.
Кеңештин чечимге макул болбогон депутаты өзүнүн өзгөчө пикирин баяндоого укуктуу, ал Кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы (16 депутаттан кем эмес)чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал негиз катары алынат. Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбай жатса, ал статьялар боюнча каралышы мүмкүн. Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизууну каалаган депутат аны торагалык кылуучуга жазуу жузундо берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы (16 депутаттан кем эмес)аны жактап добуш берсе, кабыл алынат. Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелуу аймакта жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдетгүү.Кеңештин чечимдери сот тартибинде же Кеңештин башка чечими менен гана алып салынышы мүмкүн.
10.1.Кенештин сессияларын - Кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто Кеңештин төрагасынын орунбасары алып барат.
Кеңештин сессиялары кварталына кеминде 1 жолу Кеңеш белгилеген күндо жана саатта өткөрүлөт. Кеңешти чакыруу убактысы, сессияны өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнүндө Кеңештин төрагасы сессияга чейин бир жума кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет. Депутат 1жьшдын ичинде жүйөөлүү себеби болбостон сессияга 2 жолу катышпаса депутаттык мандатынан ажырайт. Жүйөөлүү себептер болуп: оору, өргүү, ишеапар саналат.
Сессияга каралуучу маселелер демилгечилер тарабынан сессия болоруна 20 күн калганга чейин киргизилиши керек. Маселелер шаардык кенештин торагасы, депутаттык туруктуу комиссия, депутаттык топ жана шаардын мэри тарабынан сунушталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жабык сессиялар өтүшүү мүмкүн.
Шаардык Кенештин жаны чакырылышынын биринчи сессиясына Кыргыз Республиканын "Жергиликтуу аз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын негизинде чакырылат. Шаардык Кенештин аппараты уюштуруу маселелерин камтыйт:
- депутаттарды каралуучу маселелердин долбоорлору менен он күн мурун камсыз кылат
- депутаттарга ар кандай жардам көрсөтүшөт.
Кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, суроо-талаптар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 5 күнден кечиктирбестен Кеңештин катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жүзүндо берилүүго тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат. Кенеш ар бир сессияда Кенештин сессияга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кун тартибин жана иштоо тартибин кабыл алат. Өзгөчө гана учурларда күн тартибине Кенештин чечими боюнча Кенештин сессиясында түздөн түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн. Сессиянын кун тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнундо чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен Кеңештин жыйналышка катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу (16 депутаттан кем эмес)менен кабыл алынат.
Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорлору томонкудой болууга тийиш:
•аткаруучуларды, аткаруу мөенөтүн, финансылоо булагын, ошондой эле чечимдер күчүнө кире турган убакытты көрсөтүүгө;
•таламдаш уюмдар, өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тиешелуу бөлүмдөрү менен, ал эми зарылчылык болгон учурда - тиешелуу мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга. Эгерде тиешелуу макулдашуулар чечимдин долбоору сунуш кылынгандан кийин эки жуманьш ичинде сунуш кылынбаса, Кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу; бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салуу же өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө юридикалык корутундусу болууга тийиш. Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди бекитилген иш планына ьшайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт.
Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизуунун демилгечилери даярдайт. Кеңештин чечими боюнча же Кеңештин төрагасынын буйругу боюнча Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо учун депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) тузулушу мумкун.
Сессияга мамлекеттик бийлик органдарынын өкулдөру жана башка аймактык деңгээлдеги кеңештердин депутаттары кенеш беруу добуш укугу менен катыша алат.
Кецештин кезексиз сессиялары Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде 11 депутаттан кем эмес (учтен бир болугунун) сунушу боюнча чакырылат.
Кезексиз сессия аны чакыруу жөнүндеө сунуш алынган учурдан тартып 7 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш кун тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маселелерди көрсөтүү жана кезексиз сессиянын зарылчылыгын негиздоо менен жазуу жүзүндө Кенештин төрагасына жөнөтүлөт.
Регламентте берилген добуштарды аныктоо максатында төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
-депутаттардын жалпы саны - 31
-сессияда катышып жаткан депутаттардын саны -
-чечим кабыл алынаар алдында депутаттардын саны -
Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, Кенеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлушү мүмкүн. Добуш берүүнүн натыйжалары Кеңештин депутаттарынын фамилияларын, карты добуш бергендерди, калыс калгандарды көрсөтүү менен протоколго киргизилет. Добуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат өзүнүн добунун кийин берүүгө укуксуз. Депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу чечимге ачык же жабык добуш берүүсү чечилет. Добуш бергенде тамга түрүндө жазылып калса жагдайга жараша бюллетендин жарыктыгын аныктоо максатында жабык добуш берүү менен аныкталсын. Добуш берүүдө "чымчыкча" кана коюлат.
Ачык добуш берүүнүн астында сессияда төрагалык кылуучу депутаттарга добуш берүү үчүн канча сунуш добушка коюлуп атканы жөнүндө маалымдайт жана добуш берүү депутаттардын жалпы санынан же катышып жаткан депутаттардын жалпы санынан берилүү жагын тактап өтөт. Добуш берүү процедурасы башталгандан кийин депутаттар өз сунуштары менен кийлигишүүгө укуксуз. Добуштар саналгандан кийин сессияда төрагалык кылуучу сунушталган маселе кабыл алынды же кабьш алынган жок деп жарыялайт. Кворум болбой калса торагалык кылуучу сунушту кийинки сессияга которот.
Жабык добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөзүлөт. Жабык добуш берүү бюллетень аркалуу жүргүзүлөт.
Жабык добуш берүүнү өткөзүү үчүн депутаттар арасынан эсептөө комиссиясы шайланат. Эсептөө комиссиясы өз ичинен комиссиянын торагасын жана катчысьш шайлайт. Жабык добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын көзөмөлү менен даярданышат жана кеңештин чечими менен формасы бекитилет, бюллетендер депутаттардын санына жараша даярдалат
Эсептөө комиссиянын төрагасы калган бюллетендерди комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте жокко чыгарат. Жабык добуш берүүнүн тартиби жана убактысы эсептөө комиссиянын төрагасы тарабынан маалымдалат.
Ар бир депутатка мандатына ылайык бир бюллетень берилет жана бюллетенди алганы жөнүндө депутат колун коёт. Ар бир бюллетендин артына эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү колдорун коюшат. Жабык добуш беруу учун бюллетень эсептоо комиссиясы тарабынан даярдалып кол коюлган атайын урнага салынат. Жабык добуш берүүнун жыйынтыгы жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзүп комиссиянын мүчөлөрүнө кол койдуруп, сессияда маалымат берет. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы кеңештин чечими менен бекитилет.
Жабык добуш берүү убагында кемчиликтер кетирилген боюнча маалымат айтылса, сессияда катыщкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кайра жабык добуш берүү ыкмасы кайталанышы мумкун.
Өзгөчө гана учурларда кун тартибине Кеңештин чечими боюнча Кеңештин сессиясында түздон түз коюлуучу маселелер киргизилиши мумкун. Сессиянын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жонүндө чечим ар бир сунуш боюнча добуш беруу менен Кеңештин жыйналышка катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюча журөт.Күн тартибинин маселелерин талкуулоо тартибинде өзгөртүүлөр Кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.
Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер Кеңештин кийинки сессиясында каралууга тийиш. Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча Кенештин сессияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мумкун.
Сессиянын жыйналышынын протоколу Кеңештин катышып олтурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын, угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.
Протоколду жүргүзүп жаткан Кеңештин катчысы Кеңештин сессиясынын жыйналыштары жөнүндө кыскача жана маңызы боюнча жазат. Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтуу кенештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдируулорду берет. Сессиянын протоколу үч күндүк мөөнөттө так жазылып, төраганын колу коюлат.
Шаардык Кеңештин аппараты тарабынан кеңештин сессияларында стенограмма жүргүзүлөт. Сессиянын стенограммасы ачык айкын сессиянын журушун көрсөтүшү керек, андан тышкары стенограммада сессиянын отуп жаткан жери, күнү, күн тартиби жана сессияда төрагалык кылып жаткан депутаттын аты жөну ачык көрсөтүлүшү абзел.
Шаардык Кеңештин ченемдик укуктук актысы - токтом түрүндө чыгарылат жана Кеңештин төрагасы токтомго кол коет. Шаардык Кеңештин токтому сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкой көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин төрагасынын орунбасары кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда токтомдорго, арыздарга, кайрылууларга кол коюуга укуктуу.
Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардык Кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар. мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин
түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
Кеңештин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет жана белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мумкун.
Шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Регламентин негизинде аткарылат.
Кеңештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет.
Регламентти карап чыгуу, толуктоолорду киргизүү учун жумушчу топ түзүлүп, кеминде 5 депутаттан турат. Ага Кенештин төрагасынын орунбасары башчылык кылат.
Шаардык Кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышына көзөмөл жүргүзүү шаардык Кенештин укук маселелер боюнча туруктуу комиссия жүзөгө ашырат.
Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Сунуштар карап чыгуу үчүн Регламент маселелери боюнча жумушчу топко жөнөтүлөт. Регламент маселелери боюнча топ түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат. Кабыл алынган түзөтүүлөр бекитүү учун Кеңешке киргизилет. Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кьшууга укуктуу. Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр Кеңештин депутаттарынын ичинен көпчүлүгү тарабынан кабьш алынат.
Шаардык Кеңештин Регламенти шаардык Кеңештин токтому менен бекитилет. Шаардык Кенештин регламенти бузуу менен кабыл алынган чечимдер, алар кабьш алынган учурдан тартып жараксыз болуп саналат.