Загрузка документа…
МИХАЙЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-майы №1
КБФнун жерлеринин конкурсунун жыйынтыгы жана жер комиссиянын протоколдорун бекитүү
Конкурстук жер комиссиясынын төрайымы Н. Шилкина, жер боюнча жетектөөчү адис А. Асаналиеванын маалыматын жана депутаттардын сүйлөгөн сөзүн угуп жана талкуулап Михайловка айылдык кеңеш.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча конкурстун жер комиссиясынын маалыматы эске алынсын, мындан ары дагы жер берүү жумуштары аукцион аркылуу “КБФнун жерлерин ижарага берүү жөнүндө”типтүү жобосуна ылайык өткөрүлсүн.
2. 2012 жылынын 11 апрелинин конкурстук жер комиссясынын протоколдору бекитилсин
· Контур 308: Протокол № 1-2-й.
· Контур 238: Протокол с № 3, №4, № 5, № 6, .
· Контур 20: Протокол с № 7, 8, 9.
· Контур 20прим: Протокол № 10.
3. Укук коргоону, мыйзамдуулукту жана депутуттык этиканы сактоо боюнча туруктуу комиссия конкурстун жүрүшү жана мыйзамдуулугу боюнча кызмат изилдөө жүргүзү милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык – экономикалык өнүктүрүү, пландык – бюджетти пландоо, соцкоргоо жана инвестиция тартуу боюнча турукту комиссияга жүктөлсүн.
Михайловка айылдык кеңешинин төрагасы |
Б.Токтосунов |