Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-июлу №26-6/2
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрайымы А.К.Джумабекованын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММК жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенти бекитилсин (1 тиркеме);
2. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2009-жылдын 9-июнундагы 25-20/12 номерлүү «Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММК жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына ( Усупбаев К.) жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрайымы |
А. Джумабекова
|