Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-июль № 26-6/7
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 10.07.2007-жылдагы № 24/37-8 «Каракол шаарында жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) ижара шартында берүүнүн тартиби жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДнын башчысы М.Ш. Рыскелдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 10.07.2007-жылдагы № 24/37-8 «Каракол шаарында жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) ижара шартында берүүнүн тартиби жөнүндөгү» токтомуна, экономикалык-пландоо зоналарынын коэффициентерин жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө баштапкы бааларын үч эсеге көтөрүү жөнүндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Өмүров) жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрайымы |
А. Джумабекова
|