Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XX сессиясы
2016-жылдын 19-январы № 20-2
Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын 11.01.2016-жылдагы кайрылуусунун негизинде Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдорду бекитүү жөнүндө
Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине С. Юсупова айыл өкмөтүнөн өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан сунушталган талапкерлерди карап чыгып, депутаттардын колдоосунун негизинде С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын 11.01.2016-жылдагы кайрылуусунун негизинде Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан чарбалар, ишкана мекемелер тарабынан талапкерлерди сунуштоо боюнча протоколдору бекитилсин.
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан чарбалар, ишкана мекемелер тарабынан Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине сунушталган төмөнкү талапкерлердин бекитип берүү Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясынан суралсын.
1. Ураимжанов Адахамжон Араван райондук маданият үйүнүн усулчусу;
2. Хакимова Мухлиса Азамхоновна айыл Өкмөтүнүн адиси;
3. Ахматохунов Тохиржон Таваккилжонович Бирлик айылынын башчысы;
4. Азимов Машрабжон Исроилжонович “Бирлик” дыйкан чарбасынын мүчөсү;
5. Хамидов Мирбек Абдулхапизович Нарбаев атындагы мектептин мугалими;
6. Эралиев кубанычбек Абдилакимович Манас атындагы мектептин мугалими;
7. Мамашарипова Дилфузахон Солижоновна С. Шарипов атындагы мектептин мугалими.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Кубатовго жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |