Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-2
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2015-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иштери жана 2016-жылда айыл Өкмөтүнүнөнүгүүсүнүн стратегиялык планы, 2015-2017-жылдарга божомолу жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2015-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иштери жана 2016-жылда айыл Өкмөтүнүнөнүгүүсүнүн стратегиялык планы, 2015-2017-жылдарга болжомолу жөнүндө айыл Өкмөтүнүнбашчысы Ш. Файзуллаевдин 6.02.2016-жылдагы айыл Өкмөтүнүнжалпы элине берген отчетун угуп жана талкуулап, депутаттардын сын-пикирлерин, жана сунуштарын эске алуу менен С. Юсупова айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2015-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иштери жана 2016-жылда айыл Өкмөтүнүнөнүгүүсүнүн стратегиялык планы, 2015-2017-жылдарга божомолу жөнүндө айыл Өкмөтүнүнбашчысы Ш. Файзуллаевдин отчету эске алынсын жана канааттандырарлуу деп табылсын
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн2015-2017-жылдарга социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планы жактырылсын.
3. Айылдык Кеңештин аймагында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн камсыз кылууда кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышын сапаттык деңгээлин жогорулатуу, айыл Өкмөтүнүнбашкаруучулугун өнүктүрүү, элдик демилгелерди колдоп кубаттап, айыл Өкмөтүнүнаппаратында иштеген кызматкерлерди жоопкерчилигин күчөтүп, алардын илимий-практикалык жөндөмүнөн натыйжалуу пайдаланып, ички жана тышкы резервтерден толук пайдалануу менен айыл Өкмөтүнүнбюджетинин киреше бөлүмүнү толуктап, чыгаша бөлүмүндө көрсөтүлгөн чыгымдардан максатуу пайдаланып, керексиз чыгымдарды кыскартууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Республикабызда 2016-жыл «Тарых жана маданият» жылы деп жарыяланышынан келип чыккан иш-чараларды жана айыл өкмөтүндө жайгашкан тарихий маданий обьектилердин абалын жакшылоо багытында кабыл алынган программаларды уюштуруу жагы колго алынсын.
5. Учурдагы базар экономикасынын шартында агрардык сектордо иштеп жаткан дыйкан-фермер чарбаларына жакындан практикалык жардам берип, кредит менен иштөө ыкмаларын үйрөтүп, инвестицияларды тартуу менен кайра иштетүүчү кичүү цаехтердин ишин жандандырып, жаңыларын куруу менен жаңы жумуш орундарын түзүү, өз ара жардамдашуу топторун, жамаатык уюмдардын аткарып жаткан иштерин колдоп, аларды моралдык жактан колдоп кубаттоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. 2015-жылда социалдык-экономикалык, маданий багыттарда аткаруу үчүн белгиленген иш-чаралардын өз убагында так аткарылышын камсыз кылууда айылдарды көрктөндүрүү жашылдандыруу жана башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда айыл Өкмөтүнүнаймагында жашаган элди мобилизациялоону мындан ары дагы жогорку деңгээлге көтөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
7. Айыл Өкмөтүнүнаппаратынын кызматкерлери 2016-жылда төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурсун:
· Айыл чарба тармагында айыл чарба кооперативдерин, кызмат көрсөтүүчү сервистерди түзүү, пайдаланылбай калган жерлердин көлөмүн кыскартуу, дыйкандар өндүргөн айыл чарба азык-түүлүктөрдүн сатып өткөрүү маселелерине;
· Финансы-экономикалык иштерде айыл Өкмөтүнүн бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышына, айыл Өкмөтүнүнбалансындагы муниципалдык менчикте турган имараттарды (аялдама, стадион, ж.б.) ижарага берип, кошумча киреше табууга жана айыл Өкмөтүнүнөзүндө табылган кирешени көбөйтүү боюнча ачык айкын иш алып барууга;
· Ички жана тышкы инвестиция тартуунун көлөмүн жогорулатууга, түрткү берүүчү грант менен иштөөгө, бул маселелде долбоор менен иштөө иштерин жакшыртууга;
· Жаңы жумуш орундарын түзүүгө жумушсуздуктун жана жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу багытында аткарылуучу иштерди күчөтүүгө, бул багыттагы цифраларды дайыма так болушун камсыз кылуу үчүн райондук жумуштуулук жана миграция комитети, райондук социалдык коргоо башкармасы менен тыгыз байланышта иш жүргүзүүгө;
· Кичи жана орто бизнести өнүктүрүүдө чечкиндүү чараларды көрүүгө, алардын райондук статистика комитетинин каттоосунан өтүүсүнө жана патент менен камсыз болуусуна толук шарт түзүп берүүгө;
· Салык төлөмдөрүн өндүрүүдө мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын толук көлөмдө өндүрөлүшүн камсыз кылууга, ижара акыларын такай төлөбөй жаткан ижарачылар менен иш жүргүзүүдө укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга;
· Элди таза суу менен камсыздоо ишинде ИСКАКБлердин иштерин жакшыртууга;
· Сугат сууду үнөмдөп пайдалануу менен ага болгон карыздын өз убагында өндүрүлүшүн көзөмөлдөө СПАлардын иштерин жакшыртып, алардын иштерине болгон көзөмөлдү күчөтүүгө;
· Ички чарбалык жолдордун абалын жакшыртуу үчүн жеке ишкерлердин мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдаланууга;
· Жаштар саясаты боюнча иш жүргүзүүдө дене-тарбия жана спортту жандандыруу ишине көңүл буруп, айыл Өкмөтүнүнжаштар иштери боюнча иштерди жандандырууга;
· Социалдык чөйрөдө билим берүү, медицина, маданият мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоого жана өркүндөтүүгө;
· Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө коомдук тартипти чыңдоодо жана диний экстремизимдин алдын алууда жаштарды ар түрдүү диний агымдарга кирип кетишин алдын алууда аксакалдар соту, ардагерлер кеңеши, аялдар кеңеши, маала комитеттерин, имамдардын иштерин жандандыруу менен коомдук алдын алуу борборунун иштерин жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууга;
· Урп-адаттарды, кадаа-салттарды көзөмөлдөөдө аксакалдар, аялдар кеңештериин жана аксакалдар сотторунун иштеринин таасирин күчөтүүгө;
· Бул маселелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн айыл Өкмөтүнүнаппаратында иштеген кызматкерлерге болгон талап күчөтүлсүн, алардын жоопкерчилигин айыл Өкмөтүнүнотурумдарында жана айыл кеңешинин сессияларында кароо иштери кеңири практикалансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл кеңешинин туруктуу комиссияларына жана айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |