Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-5
Араван районунун С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылда аткарылышы жана 2016-жылга айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө айыл Өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча корутундусунун негизинде айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун 47-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө айыл Өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 27 млн 867 миң 100 сом менен бекитилсин. Анын 3 млн 335 миң 500 сому теңдештирүүчү грант, ал эми 24 млн 531 миң 600 сому жергиликтүү бюджет экендиги белгиленсин. Айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар тиркемеге ылайык белгиленсин. (№1-тиркеме тиркелет)
3. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга ылайык айыл Өкмөтүнүн бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу жактырылсын. Киреше жана чыгаша бөлүгүнүн теңдештирүүчү гранттын божомолу 2017-жылга 2 млн 593 миң 800 сом, 2018-жылга 1 млн 933 миң 300 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттин болжолу 2017-жылга 26 млн 651 миң 600 сом, 2018-жылга 28 млн 622 миң 600 сом суммасында бекитилсин жана 2017-2018-жылдарга жактырылган айыл Өкмөтүнүн бюджетинин божомолдуу параметрлери алар кабыл алынган ар бир конкреттүү жылда каттоого алынсын.
4. Чыгымдарды каржылоо боюнча биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарга каржылансын. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл Өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы кирешелер боюнча 2016-жылдын 1-январына карата кирешеден калган калдыгына кошуп эсептегенде 541,1 миң сом артыкчалыгы менен бекитилсин.
6. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше булактары боюнча 2016-жылдын 1-январына карата калган калдыгын жумшоо жагы тиркемеге ылайык белгиленсин. (№2-тиркеме тиркелет)
7. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн администрациясы айылдык кеңештин сессиясынын макулдугу менен төмөнкүлөргө укуктуу:
- Эгерде бул айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө:
- Кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айыл Өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга:
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Базарбаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |