Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-6
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Азизохунов көчөсүнүн тургуну Базарбаева Карима Хабиевнанын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Азизохунов көчөсүнүн тургуну Базарбаева Карима Хабиевнанын 04.01.2016-жылдагы Араван айылынын Х. Абдулла көчөсү №98 дареги боюнча жайгашкан жеке менчик мурда «Навруз» ОсООнун администрациясынын имараты жана өндүрүш корпусу курулган жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган имараттардын ордуна турак үй курууга уруксат сурап жазган кирүү №1 саны менен катталган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Азизохунов көчөсүнүн тургуну Базарбаева Карима Хабиевна өзүнүн менчиги болгон Х. Абдулла көчөсү №98 дареги боюнча жайгашкан мурда «Навруз» ОсООнун администрациясынын имараты жана өндүрүш корпусу курулган 4700 м2 жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган имараттардын ордуна турак үй курууга макулдук берилсин.
2. Базарбаева Карима Хабиевнага жеке менчик жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |