Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-7
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Калинин көчөсүнүн тургуну Эргашев Хайитвайдын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Калинин көчөсүнүн тургуну Эргашев Хайитвайдын 04.01.2016-жылдагы Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жайгашкан жеке менчик мурда кароолкана курулган жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган кароолкананын ордуна турак үй курууга уруксат сурап жазган кирүү №2 саны менен катталган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Калинин көчөсүнүн тургуну Эргашев Хайитвайдын өзүнүн менчиги болгон Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан мурда кароолкана курулган 1000 м2 жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, аталган кароолкананын ордуна турак үй курууга макулдук берилсин.
2. Эргашев Хайитвайга жеке менчик жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |