С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-1
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Курбонов көчөсүнүн тургуну Тургунова Минавархон Махмудовнанын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Курбонов көчөсүнүн тургуну Тургунова Минавархон Махмудовнанын 11.01.2016-жылдагы Араван айылынын Кызыл Тепа дареги боюнча жайгашкан жеке менчик 500 м2 турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 84,5 м2 жер тилкесине автоунаа жуучу жана тейлөөчү бекет куруп, багытын өзгөртүүгө уруксат сурап жазган кирүү №4 саны менен катталган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Курбонов көчөсүнүн тургуну Тургунова Минавархон Махмудовнанын Араван айылынын Кызыл Тепа дареги боюнча жайгашкан жеке менчик 500 м2 турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 84,5 м2 жер тилкесинин багытын өзгөртүп, автоунаа жуучу жана тейлөөчү бекет курууга макулдук берилсин.
2. Тургунова Минавархон Махмудовнага жеке менчик турак жай багытындагы жер тилкесин курулуштук багытын өзгөртүп, автоунаа жуучу жана тейлөөчү бекет куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |