С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-10
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү №12-көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү №12-көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын 12.01.2016-жылдагы аталган үйдүн алдына жаңыдан ажаткана жана балдар ойноочу аянтча куруп берүүнү суранып жазган кирүү №5 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү №12-көп кабаттуу үйдүн алдына жаңыдан ажаткана жана балдар ойноочу аянтча куруу үчүн долбоор даярдалып, чет элдик инвесторлордун салымы аркылуу жүзөгө ашыруу белгиленсин.
2. Ажаткана жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча долбоор тастыкталып, аткаруу иштери башталган учурда, айыл Өкмөтүнүн салымы катары айыл Өкмөтүнүн бюджетинен каражат ажыратуу карап чыгылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |