Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-11

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүнүн тургундарынын 12.01.2016-жылдагы көчө тургундары өздөрү үчүн турак үйү менен чектеш болгон жер үлүшүнөн жер ажыратышып жаңыдан жол ачууга уруксат сурап жазган кирүү №6 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн борбордук көчөлөрүнүн генералдык планы тастыкталгандыктан жана жер үлүштөн жол чыгаруу үчүн жер ажыратууга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары жол бербегендиктен С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүнүн тургундарынын арызы канааттандыруусуз калтырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл Өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановго жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов