С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-14
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Темирханов Бахтиержан Тавакиловичтин арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Темирханов Бахтиержан Тавакиловичтин 22.01.2016-жылдагы Араван айылынын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик ветеринардык аптекага тийиштүү жер тилкесин жеке менчикке сатып алууга уруксат сурап жазган кирүү №9 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Темирханов Бахтиержан Тавакиловичке Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик ветеринардык аптекага тийиштүү жер тилкеси айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары катталып, генералдык планда белгиленген кызыл сызыкка туш келбесе, түздөн-түз жол менен жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
2. Аталган жерди жеке менчикке сатуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |