С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-15
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүнүн тургундарынын 10.02.2016-жылдагы Х. Абдулла көчөсүнүн жолуна тратуар куруп берүүнү суранып жазган кирүү №11 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн генералдык планында Араван айылындагы Х. Абдулла көчөсүндөгү жолдо тратуар бар экендиги белгиленсин.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси, айыл башчысы, айыл активдери аталган тратуарды өз алдынча ээлеп, курулуш куруп алган тургундар ортосунда тратуарды ачуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |