С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-16
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылы Кызыл-Тепа участкасынын жаңы конуштарындагы тургундардын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылы Кызыл-Тепа участкасынын жаңы конуштарындагы тургундардын 10.02.2016-жылдагы айылдагы көчөлөргө суу трубаларын орнотуп, жолго шагыл төгүп берүүнү суранып жазган кирүү №12 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылы Кызыл-Тепа участкасынын жаңы конуштарындагы жолдорду ремонттоп, шагыл төгүүгө айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 50000 (элүү миң) сом каражат ажыратылсын.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |