Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 21-17

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Жомий көчөсүнүн тургуну Холматов Хусанбойдын арызын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Жомий көчөсүнүн тургуну Холматов Хусанбойдын 12.02.2016-жылдагы дарылануу үчүн материалдык жактан акчалай жардам берүүнү суранып жазган кирүү №13 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Жомий көчөсүнүн тургуну Холматов Хусанбойга дарылануу үчүн айыл Өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 5000 (беш миң) сом акча каражат материалдык жардам катары берилсин.

2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты өз убагында Х. Холматовго берилишин камсыз кылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

С. Юсупова айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Маннанов