С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-25
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Сидиков
(мурдагы Черемушка) көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Сидиков (мурдагы Черемушка) көчөсүнүн тургундарынын 22.02.2016-жылдагы көчөгө кошумча трансформатор орнотуп, электр зымдарын тартууга жардам сурап жазган кирүү №21 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Сидиков (мурдагы Черемушка) көчөсүнө трансформатор сатып алып орнотууга, электр зымдарын тартууга С. Юсупова айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен мүмкүнчүлүккө жараша каражат ажыратылсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |