Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-28
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы «Агротехсервис» ОсООнун башчысы Мамасаидов Мухаммаджан Ташалиевичтин арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы «Агротехсервис» ОсООнун башчысы Мамасаидов Мухаммаджан Ташалиевичтин 24.02.2016-жылдагы Араван айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 31578,97 м2 «Агротехсервис» ОсООнун жер тилкесинин ичинен 11840,0 м2 жер тилкесинин колледжге окуу корпусу куруп, багытын өзгөртүүгө уруксат сурап жазган кирүү №24 саны менен катталган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы «Агротехсервис» ОсООнун башчысы Мамасаидов Мухаммаджан Ташалиевичке Араван айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 31578,97 м2 «Агротехсервис» ОсООнун жер тилкесинин ичинен 11840,0 м2 жер тилкесинин колледжге окуу корпусу куруп, багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Мамасаидов Мухаммаджан Ташалиевичке «Агротехсервис» ОсООнун жер тилкесинин ичинен колледжге окуу корпусу куруп багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |