Загрузка документа…
АЛДАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-февралы №91
Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын 2008-жылдын 29-майындагы №99 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергииктүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгып,
Кыргыз Респуликасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2008-жылдын 29-сентябрындагы №04-24/63 буйругу менен бекитилген айылдык кенештин Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгып, 2008-жылы 15-октябрда айылдык кеңешти кабыл алынган.
Кыргыз Респуликасынын 2011-жылдын 15-июлдагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынып, айылдык кеңештин регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыккан. Кыргыз Респуликасынын алынган 2011-жылдын 15-июлдагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Респуликасынын алынган 2011-жылдын 15-июлдагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамы аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Айылдык кеңештин 2008-жылдын 15-октябрдагы айылдык кенештин сесиясынын №1 «Айылдык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтомуна Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы 101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөрүүлөр киргизилсин:
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары, депутаты тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (мындан ары-аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кенешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кенешинин депуттатары тарабынан шайланат
4. Алдашев айылдык кеңеши өз ишмердигине ушул регламенти жетекчиликке алсын.
5. Айылдык кеңештин регламентин юстиция министирлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж. Жумагуловага тапшырылсын.
6. токтомду Жети-Өгүз жаңылыгы газетасына жарыялоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж. Жумагулова тапшырылсын.
7. токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж. Жумагуловага милдеттендирилсин
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж. Кендирбаев
|
|
|
САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
1-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши
2-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин компетенциясы
3-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагасы Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин орун басары
4-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин катчысы
5-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби
6-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби
7-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин Регламенти
8-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтъъ мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Респбликасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык, Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3.Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4.Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин уюштуруучу укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин компетенциясы
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө
2) жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджети аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу.
3) аймакта социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты соцмалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
5) жергликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обьектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилүү, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашыруу.
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүүаткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчету угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен мэрге, райондук маанидеги шаардын жана Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешине ишеним көрсөтпөө;
9) жергиликтүү жамаатын уставын бекитүү;
10) администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
11) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;
12) жергиликтүү кенештин Регламентин кабыл алуу;
13) өз чечимдерин аткарылышына контролдук кылуу;
14) Өкмөт аныкталган типтүү ченемдердин негизинде мэрдин, шаардык башкаруунун, Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин жана айылдык өкмөттүнүн башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз адынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
15) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
16) Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши өкмөт башчысын шайлоо;
Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары,денутаты тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттикадминистрациясынын башчысы (мындан ары аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш моонотуно айыл кеңешинин депуттары тарабынан шайланат.
17) тиешелүү үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл, cаруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши үчүн белгиленген жер салыгынын суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинн баллдарын эске алуу менен, айыл -чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилүү;
18) Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
19) жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыйайык башка маселелерди чечүү.
1.3. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык , финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
1.4. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши белгилеген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
3-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин төрагасы жана төрагасынын орун басары.
3.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин төрагасы депутаттардын арасынан жашруун добуш берүү жолу менен Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин ы й г арым мөөнөтүнө шайланат. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн- өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагасы:
Кеңеш сессиясын чакырат.
Сессияга төрагалык кылат.
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шайлаган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагасынын орун басары. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себелтер менен аткара албай калган учурда, төраганын милдетин аткарат.
3.5.Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышына алып барат.
3.6.Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгү демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
4-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин катчысы
4.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн башкаруун жооптууу катчысы аткарат.
4.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин катчысы:
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин сессия токтомдорун тариздейт жана кенеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин кеңеште киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышу үчүн, булл чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин депутаттраы тарабынан аныкталат.
5.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияны түзө алат.
Убактылуу комиссялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишенимдүүлүгү тапшырылган милдеттерин аныктагандан кийин токтотулат
6-глава
6.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин сессиясы ачык түрдө өткөрүлөт.
Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
6.4. Сессиясынын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакыралгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
7-глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби
7.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кенештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары , ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
Зарыл учурда кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгынна карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш;
Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунуду болуусу керек.
7.3. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат
7.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда ккатышкан депутаттардын и санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6. токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин чечимин тартуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдетүү.
8-глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештиниш Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби.
8.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин иш Регламентин, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат, жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөртүлөт.
8.4. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.