С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-30
С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаты П.П.Вахаповдун арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айылдык кеңешинин депутаты П.П.Вахаповдун 24.02.2016-жылдагы Араван Сайынын жегиндеги Х. Сидиков көчөсүнүн жолуна шагыл төгүп, тегиздеп берүүнү суранып жазган кирүү №26 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнү кесип өткөн Араван Сайынын жегиндеги Х. Сидиков көчөсүнүн жолуна шагыл төгүп, тегиздөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 60000 (алтмыш миң) сом акча каражат ажыратылсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |