Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-34
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүнүн тургундарынын 24.02.2016-жылдагы көчөгө шагыл төгүп, тегиздеп берүүгө жардам сурап жазган кирүү №30 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтү айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Файзуллаев көчөсүнүн жөлуна шагыл төгүп, тегиздөөгө мүмкүнчүлүккө жараша бюджетинин эсебинен каражат ажыратып, аталган маселени чечүү боюнча тийиштүү иш чараларды алып барсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |