Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-35
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү №1-Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмгек жамаатынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү №1-Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмгек жамаатынын 24.02.2016-жылдагы аталган үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын кеңейтип, кошумча бөлмө куруп берүүнү суранып жазган кирүү №31 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү №1-Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын кеңейтип, кошумча бөлмө куруу үчүн долбоор даярдалып, чет элдик инвесторлордун салымы аркылуу жүзөгө ашыруу белгиленсин.
2. Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын кеңейтип, кошумча бөлмө куруу боюнча долбоор тастыкталып, аткаруу иштери башталган учурда, айыл өкмөтүнүн салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат ажыратуу карап чыгылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин социалдык-маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |