Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-36
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Ойбек көчөсүнүн тургуну Алимов Собиржондын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Ойбек көчөсүнүн тургуну Алимов Собиржондын 25.02.2016-жылдагы Араван айылынын Ибн Сино көчөсүндөгү жеке менчик чайханасынын алдындагы жер тилкесин мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүнү суранып жазган кирүү №32 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Ибн Сино көчөсүндөгү жеке менчик чайханасынын алдындагы жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары катталып, Араван айылынын Ойбек көчөсүнүн тургуну Алимов Собиржонга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарынын чегинде мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |