Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-38
С. Юсупова айылдык Кеңешинин депутаттары М. Юлдашев, Д. Хожиматов,
Н. Гуломидиновдун арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айылдык Кеңешинин депутаттары М. Юлдашев, Д. Хожиматов, Н. Гуломидиновдун 25.02.2016-жылдагы М. Курбонов көчөсүнүн жолуна тратуар курууга айыл өкмөтүнүн эсебиненен шагыл жана цемент берүүгө жардам сурап жазган кирүү №34 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтү айыл өкмөтүнүн Араван айылынын М. Курбанов көчөсүнүн жолуна тратуар куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 150000 (жүз элүү миң) сом акча каражат ажыратылсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |