Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-39
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү Манас атындагы орто мектептин
дене тарбия мугалими Исаев Мирландын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү Манас атындагы орто мектептин дене тарбия мугалими Исаев Мирландын 26.02.2016-жылдагы Манас атындагы орто мектептин спорт залына спорт эмеректерин жана жабдууларын сактоо үчүн кошумча бөлмө куруп берүүнү суранып жазган кирүү №35 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү Манас атындагы орто мектептин спорт залына спорт эмеректерин жана жабдууларын сактоо үчүн кошумча бөлмө куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 150000 (жүз элүү миң) сом акча каражат ажыратылсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |