Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-40
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Калинин көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Калинин көчөсүнүн тургундарынын 26.02.2016-жылдагы көчөнүн жолун зарыл болгон жерлерин асфальттап берүүнү сурап жазган кирүү №36 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтү айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Калинин көчөсүнүн жөлүнүн зарыл болгон жерлерин асфальттоого мүмкүнчүлүккө жараша бюджетинин эсебинен каражат ажыратып, аталган маселени чечүү боюнча тийиштүү иш чараларды алып барсын.
2 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |