Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-41
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн тургуну Карабаев Уринбайдын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн тургуну Карабаев Уринбайдын 26.02.2016-жылдагы «Бирлик-Кашкар» кооперативинен Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү кампаны жеке менчикке сатып алгандыктан, кампага тийиштүү жер тилкесин жеке менчикке сатып алууга уруксат сурап жазган кирүү №37 саны менен катталган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн тургуну Карабаев Уринбайга Араван айылынын М. Султанов көчөсүндө жайгашкан жеке менчик кампага тийиштүү жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары катталып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын чегинде түздөн-түз жол менен жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
2. Аталган жерди жеке менчикке сатуу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |